Ош шаарында кырсыктардын тобокелин азайтууга арналган иш-чарада "Жаш куткаруучу" сынагы өттү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, сынакта студенттер эки командага бөлүнүп өрт-куткаруу иштери боюнча эстафеталык жарыштарды көрсөтүштү. Сынактын жыйынтыгында жеңген командаларга сыйлуу белектер тапшырылды.
"Сынактын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетовго “Ленин” атындагы орто мектептин окуучусу “Мен да келечекте куткаруучу болгум келет” деп өз колу менен жасаган тик учактын макетин белекке берди. Андан кийин ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын өздүк курамы куткаруучулардын кол менен мушташ ыкмаларын көргөзүп беришти. Ошондой эле мектеп окуучулары үчүн, Бириккен улуттар уюмунун жаш балдар менен иштөө бөлүмү тарабынан өспүрүм мектеп окуучулары үчүн уюштурулган, “Кырсыктардын тобокелдигин кыскартууга” арналган тасма көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.