Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна эс алуучу жай курула тургандыгын маалымдаган. Мэриянын маалыматына ылайык, мындай чечим шаар башчысы Азиз Суракматов тарабынан чыгарылган.
Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик ишканасы курула турган сквердин эскизин түзүп чыккан. Сквердин жалпы аянты 41 сотыхты түзөт.
"Мындай долбоорду ишке ашыруунун максаты жана өзгөчөлөгү - шаар тургундарына ыңгайлуулукту жаратуу. Бак-дарактарды отургузуу менен шаардын борбордук бөлүгүн жашылдандыруу жана муну менен калаанын таза болушун жөндөө. Бишкек шаарынын көпчүлүк бөлүгүндө унаа токтотуучу атайын жайлардын жоктугу маселе жаратып келгендиктен, долбоордо жер астына унаа токтотуучу жерди куруу каралган", - деп жазылат маалыматта.