ЭЛДИК ВИДЕО: "Маршруттук таксинин айдоочусу менен жүргүнчү аял чырдаша кетип, айдоочу ага кол көтөрдү"

SUPER.KG'нин "Элдик видео" бөлүмүнө "Маршруттук таксинин айдоочусу менен жүргүнчү аял чырдаша кетип, айдоочу ага кол көтөрдү" деген видео жүктөлдү. Бул окуянын видеосун Айдана Абдылдаева аттуу интернет колдонуучу да социалдык тармактардын бирине жүктөгөн эле.

Видеодон айдоочу менен жүргүнчү кайым айтышканын көрүүгө болот. Андан кийин айдоочу ордунан туруп, жүргүнчү аялга карай жүткүнүп, башка жүргүнчүлөрдүн арачалаганына болбой аялды чаап жибергенге аракет жасаган.

"Бишкек-Кара-Балта жолундагы №302-каттам. Айдоочу жүргүнчүлөрдүн "музыканын үнүн азайтып коюңуз" деген сунушуна аябай ачууланды. Жадакалса унаасын токтотуп, жүргүнчү аялга балдарынын көзүнчө кол көтөрдү", - деген билдирүүсүн Абдылдаева жазган.

Айдоочу менен жүргүнчү аял чырдаша кетип, айдоочу ага кол көтөрдү
Маршруттук таксинин айдоочусу жүргүнчү аялга кол көтөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Nurzada_0111
2018-10-03 09:10:35
Баарыбыздын эле нервибиз калбай калган окшойт
0
monster_high_98
2018-10-03 09:11:24
Кээде аялдын "тили"деле жетээр жерине жеткирип коет,айдоочу озунон озу эле чаап жибербестир.Бирок оз козун менен корбогон сон ар кайсы божомолду айтуудан деле коркосун киши, мумкун окуя жогоруда жазылгандай эместир
+3
aiba.8327
2018-10-03 09:14:49
Маршрутка айдагандар 262чи ХХХХХ ХХХХ шайлоо болор алдын да сонун журуп жатышкан Эми чыгып кетишти айтпай этпей АК Ордо 3 ...
+4
tima01
2018-10-03 09:22:19
Маршуртка айдагандар хит болуп атасынарго)) бирок кээбир жүргүнчүлөрдү мендагы ургум келип кетет
+3
Makedonia
2018-10-03 09:57:14
Нервин чыдабаса башка эле жумушка отуп албайсынбы, эркек башын менен аялга жуткунбой.
+2
pat12
2018-10-03 10:09:00
Милицияга арыз жазыш керек. Айдоочуну жумуштан кетирсин.
-3
gulmi
2018-10-03 10:20:43
Аялдар озу жеткирет ошого.Бир соз укса мин соз менен жооп берип.Кочодо тамеки тартып,согунуп,тунку клубдан чыгып алып таксистер менен мушташкан кыздарды ким тарбиялап жатат?ушундай ажаан энелерда!Энесин коруп кызын ал деген туп-туура.
+1
Chagylgan2
2018-10-03 10:29:46
Бул маршрутка айдоочулары кутура баштаган го...

Жургунчу жакпаса жон гана тушуруп койсун акчасын кайрып берип, кол которбой... Энесинин уйундо отурабы айдоочу, кол которгудой?!! Ушуну менен канчанчы жолу маршрутка айдоочуларынын устунон арыз тушуп жатат. Жаап салгыла, айдоочуларынарды козомолдой албасанар...
-8
talaa11
2018-10-03 10:57:40
Айдоочуга катуурак чара коруш керек жаш баланын журогун тушурдуго акмак
+1
Beise
2018-10-03 12:33:38
Озунун ишин так билбеген айдоочу, башка соз жок,маршрутка айдагандар орой элди тейлегенди билишпейт
+2
abon
2018-10-03 12:56:24
сен аны машинасына отурдунбу бир жеринди ХХХХХ журууго милдеттуусун! Ар кандай болбогон создорду айдоочунун адресине айтсан эч кимге жакпайт,(айрыкча праваны сатып алгансын дейсинер) и так эле кунуно 100 догон Адам ташып ар бирин капризин которушот! Озунон ОЗУ эле кол которбосо керек, алардын да нерви чыдамдуу, демек ото эле безпотовый соз айтканда эжебиз. Аялдар, аял бойдон журушсо, эркектерге ар кандай соз айтып кыжырдантпай, шамал болбосо бутак кыймылдабайт, ! (кимдир бироо макул эмес
0
AKCAHAT
2018-10-03 13:51:48
Жумушсуздук, жетишсиз жашоо, закондун кучсуздугу мунун артынан жалан негативге малынып бутту. Зомби сыяктуу. Бакырган, урушкан тытышкан,айкырган сабырсыз адамдар. Бири бирин окурая жаман коруп теше тиктеген эле элдер жада калса жылмайып карасан башкача тушунушот))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан