Парламент Бишкек ЖЭБи боюнча УКМК, Башкы прокуратура жана Эсептөө палатасынын маалыматын угат. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда парламенттин жыйынында белгилүү болду.
Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов октябрь айындагы планга ЖЭБ боюнча маалымат угууну сунуш кылды.
"Биз май айында токтом долбоорун кабыл алганбыз. Токтомго ылайык тийиштүү органдар 3 айлык мөөнөттөн кийин маалымат бериш керек эле. Бүгүн 4 ай убакыт өттү. Ошол себептен ал маселенин октябрь айынын күн тартибине киргизип, УКМК, Башкы прокуратура жана Эсептөө палатасынын жетекчилерин чакырып жыйынтыгы жөнүндө, иштердин аткарылып жатышы тууралуу маалымат угууну сунуш кылам", - деди Примов.
Сунуш депутаттар тарабынан колдоо тапты.