Базар-Коргондо унаа жолду сел каптады

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 14-чакырымында колоттордон сел суулары түшүп, жол каттамын кыйындатты. Бул маалыматты ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сел каптоо 6-майга караган түнү саат 02:35 чамасында катталган.
Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргоо кызматтары тартылып, тактоо жана калыбына келтирүү боюнча тийиштүү жумуштарды алып барышкан.
Учурда жеринде №50 Жол тейлөө ишканасынан 1 авто жүктөгүч тартылып, жолду кеңейтүү жана тазалоо жумуштары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан