“Мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса өлкөдөгү ар кыл башаламандык жөнгө салынат. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда депутат жана мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири Акылбек Жапаров айтты.
"Бул стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө мыйзам долбоору биздин өлкө үчүн абдан маанилүү. Мыйзам долбоору ишке ашса, биздин өлкөдөгү болуп жаткан башаламандыктарды жөнгө салууга шарт түзүлөт. Сырттан келген каражат эмне иштерге жумшалганын жана кайсы программа менен Кыргыз жарандарына пайдасын берип жатканын билбейбиз. Бул стратегияны ишке ашырып алсак ар бир программа өлкө жарандарына эмне иш аткарып жатат көзөмөлдөй алабыз. Бул долбоор 2006-жылдан бери иштелип келе жатат, бышып жетти", - деди Жапаров.
Депутаттардын кызуу талкуусунан кийин депутат Курманкул Зулушевдин сунушу менен айрым мүчүлүштүктөрдү карап чыгуу үчүн тийиштүү комитеттерде карала турган болду. Комитеттерде кайра бышыктап кароону демилгечилер Чыныбай Турсунбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Алтынбек Сулайманов да колдоду.