Генерал Талантбек Исаевге Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчылык кызматына кайра кайтып келүү сунушталганы айтылууда.
ИИМдин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына мындай маселе жок экенин билдирди. Ал эми Талантбек Исаев сунуш түшпөгөнүн айтты.
Талантбек Исаев - Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин бир тууган агасы. Канат Исаев "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен камакка алынганда, агасы кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Анын арызын ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кабыл алган. Учурда Канат Исаев үй камагында.