Чүй облусунун 14 жаштагы тургуну дайынсыз болуп изделүүдө

Чүй облусунун 14 жаштагы Тилектеш Алмазбек уулу аттуу тургуну 1-октябрдан бери дайынсыз болуп изделүүдө. Ата-энесинин айтымында, бала ошол күнү Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы үйүндө болуп, үстүнө сары түстөгү футболка, кара-күрөң түстөгү күрмө, астына жашыл түстөгү спорттук шым жана бутуна тапичке кийип жүргөн.

Изделип жаткан баланын бою 160-170 сантиметр, көзү жана чачы кара түстө, мурду кырдач жана көз айнек тагынып жүрөт.

Эгерде аны көргөн же билгендер болсо Аламүдүн РИИБинин 0312 36 35 27, 0550 51 09 05, 0704 31 25 05, 0552 90 91 63 же 102 номуруна чалып кабарлап койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан