Башкы штаб: "Эки колу кесилген жоокерге салынуучу протездер алынып келе элек"

Буга чейин айрым ЖМКлар Майлуу-Суудагы №30295-аскердик бөлүктө кызмат өтөө учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевге жасалма кол (протез) Түштүк Кореядан алынып келгенин жазышкан. Бирок бул маалыматты 3-октябрда жоокердин апасы Венера Сейталиева, андан кийин Башкы штаб төгүнгө чыгарды.

Мекеменин басма сөз катчысы Гүлзат Жарашеванын айтымында, жоокердин колуна салынчу жасалма кол азырынча алып келинбейт.

"Биз жоокерге кол салып берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп койгонбуз. Бирок азырынча кол салынбайт. Анткени жоокердин колундагы дарты айыга элек. Дарылануусу аягына чыккандан кийин баланын колу жакшы болуп калса, дарыгерлер буюртма берилген жасалма колдорду көрүп келишет. Эгерде туура келсе, алып келип салып беришет", - деди Жарашева.

22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы аскердик бөлүктө электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган. Алган жаракатынан улам эки колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилген. Анын дарылануусу убактылуу токтотулуп, 26-сентябрда №4-ооруканадан Аскер госпиталына которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2018-10-03 14:40:45
Ушу менен калып кетет деп эле ачык айткылада,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан