Москвада эки Кыргыз жараны каза болду. Алардын биринин жүрөк оорусу кармап каза болсо, бири баш оорусунан көз жумган

Москва шаарында эки Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов өзүнүн социалдык жеке баракчасына жазып чыккан. Кийинчерээк ал SUPER.KG порталына бул маалыматты тастыктады.

Маалыматка караганда, Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну 55 жаштагы К.Ш. Москва шаарына иштегени барган. Ал 1-октябрь күнү өзү жашаган үйүндө ваннага түшүп чыгып, андан соң жүрөк оорусу кармап каза болгон. Ал эми каза болгон 41 жаштагы экинчи жаран Н.Д. Сузак районунун Жаңы-Дыйкан айылынын тургуну. Ал 30-сентябрь күнү Москва шаарындагы ооруканалардын биринде каза болду. Маркум буга чейин ооруканага "башым ооруп жүрөт" деп кайрылган.

"Маркумдардын сөөгү 2-октябрь күнү Москва-Ош каттамы боюнча мекенге жөнөтүлдү", - деди Улан Кошматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuri1988Elim2010
2018-10-03 15:56:50
Жайлары жаннаттан болсун.Жакындарына сабыр
+13
bakulya2015
2018-10-03 22:54:55
Жаткан жерлери жайлуу болсун жакындарына сабыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан