Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайынын жетекчилигине каршы митинг болуп өттү

Бүгүн, 3-октябрда Бишкекте “Спортто коррупцияга жол жок” аталышында митинг өттү. Ага Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайынан мыйзамсыз жумуштан алындык деген 5 машыктыруучу жана аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү, алардын ата-энелери катышты.

Митингге чыккандар “Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайынын директору Кадырбек Эргешовдун коррупциялык иштерге жол берди, анда окуган балдардын укугун бузду жана машыктыруучуларды мыйзамсыз жумуштан алды” деген нааразычылыктарын айтышты. Мындан сырткары алар “Мамлекеттик мекемени окуу жайдын директору коррупциялык мекемеге айлантты”, “Балдардын укугу бузулбасын, Эргешов жазасын алсын” деген жазууларды колдоруна кармап турушту.

Аталган окуу жайда 27 жылдан бери иштеп келген машыктыруучу Нурдин Жусупов митингдин максаты тууралуу буларды айтты.

“Биздин митингге чыкканыбыздын негизги себеби биздин окуу жайдагы машыктыруучулардын жана окуучулардын укугу тебеленбесин, коррупциялык иштер жасалбасын, биздин коомдо тазалык болсун деп ушул иш-чараны өткөрүп жатабыз. Анткени окуу жайга январь айында директор болуп келген Кадырбек Эргешов жыл башынан бери эле 100гө жакын окуучуну негизсиз окуудан четтетти. Туура сөз сүйлөгөн машыктыруучулурды болсо жумуштан алып салды.

Биз бул митингге чыгардан мурун президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Башкы прокуратурага жана УКМКга кат жаздык. Бирок алар эч кандай тиешелүү чара көрүшпөй, биз үнүбүз бийлик жетекчилерине жетсин деп ушул жерге чогулуп отурабыз. Элибизде “Көйгөйлөр көп абдан чоң, көңүл барбайт бир да чоң” деген сөз бар го, ошол сыңары эч ким көңүл бурбай жатат. Учурда окуу жайда 100дөн ашык бала ашыкча билим алып жатыптыр. Негизи тармактын бөлүнүшү, ал жердеги шарттар боюнча 325 бала билим алышы керек”, - деди Жусупов.

Митингге аталган окуу жайдан билим алган бүтүрүүчүлөр да келишти. Алардын бири Дастан Имангазиев да өзү окуган мезгил менен азыркы абалды салыштырып өтүп, жаңы директордун ишмердигинин туура эмес экендигин айтты.

“Мен бул окуу жайда билим алып жаткан кезде Мурат, Төлөсүн деген агайлар директор болгон. Алар билим алган окуучуларга жакшы шарт түзүп берип, мыйзамсыз эч кимди окуудан четтетчү эмес. Учурдагы директор окуу жайда көп жылдан бери эмгектенип келген агайларды жумуштан алып, окуучуларды мыйзамсыз окуудан айдап салыптыр. Негизги себеби агайлар экзамен тапшырганда өтпөй калган имиш. Бул туура эмес да, агайлардын жашы өтүп калды, аларды чуркатып, сынак тапшыртканы туура эмес. Бул агайлар канчалаган балдарды, эл аралык деңгээлдеги спорт чеберлерин тарбиялып чыгарды. Менин айтарым, окуу жайга балдарга жакшы шарттарды түзүп берген жакшы директорду алып келсин. Кадырбек Эргешовго окшогон жетекчилер спортту өнүктүрбөйт”, - деди Имангазиев.

Аталган окуу жайда машыктыруучу болуп эмгектенип келип, мыйзамсыз жумуштан алыганган машыктыруучулардын бири Радбек Асылбеков буларды айтты.

“Биздин окуу жайга Эргешов 2018-жылы 3-январда жаңы директор болуп дайындалган. Ал келери менен бир жумудан соң чогулуш өткөрүп, мен 4 машыктуруучуну жумуштан кетирем, ордуна башка машыктыруучуларды жумушка алам. Силерге болсо башка жактан жумуш таап берем деди. Биз иштеп жүрө бердик. Анан 15-майда бизди жумуштан четтетип салды. Кийин эле 50гө жакын баланы силер эртең мененки машыгууга 5 мүнөт кечиктиңер деп окуудан айдап жиберди. Алар бардык жагынан жетишкен балдар эле, алардын ордуна башка балдарды алыптыр. Биздин угушубузга караганда жаңы балдарды акча менен алып жатыптыр. Мындан сырткары жаңы директор окуу жайдын короосундагы бактарды кыйып, ордуна менчик дүкөн ачып алды. Бул мыйзамга каршы келет”, - деди Асылбеков.

Ал эми аталган окуу жайдан мыйзамсыз жумуштан алынганын айткан машыктыруучулардын бири Эмгек сиңирген машыктыруучу Алмаз Мусагоев жаңы жетекчинин мыйзамсыз иштерин санап өттү.

"Директор өзүн-өзү билип алган адам. Ал жетекчи болуп келери менен балдарды саат алтыда тургузуп жатат. Бул туура эмес, аны өзү эле эмес, жалпы жамаат чечет. Балдардын ден соолугун карап, ага чыдайбы, тамак-аш жетеби ага көңүл буруп, илимий мамиле жасап анан чечүү керек. Жетекчи келгенден кийин окуу жайдагы ар бир бала жылына 5 миң сомдон төлөгөн “ата-энелер фонду” деген бар. Аны болсо 10 миң сомго чыгарып жиберди. Бул мыйзамсыз. Спортко кимдин балдары келет? Эң жөнөкөй, кедей-кембагалдын, дыйкандын балдары келет да. Айрым үй-бүлөлөр үчүн бул көп акча. Мунун баарын биз айтып чыксак, бизди жумуштан четтетип салды”, - деди Мусагоев.

SUPER.KG порталы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайынын директору Кадырбек Эргешовдун пикирин жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
taalay25
2018-10-03 16:54:34
Мурда бул жетекчи дене тарбия жана спорт агентигинин директору мындайча айтканда спорт министри да болуп иштеген. Ошондо бир хохма да министр болгонубу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан