Тажик парламентинин депутаттары аты-жөнүн улуттук ысымдарга үндөштүрүп өзгөртүшкөнүн тажикстандык басылмалар жазып чыкты.
Андагы маалыматка караганда, Тажикстан Мажлисинин 3 депутаты 5-октябрда белгиленүүчү мамлекеттик тил күнүнө карата өз аты-жөнүн улуттук ысымдарга үндөштүрүп өзгөртүүнү чечишкен.
Мажлистин маалымат борборунун жетекчиси билдиргендей, депутаттар Муртазокулов Жамшед Сайдалиевич, Ражабов Равшан Мухитдинович жана Холиков Хаким Хикматуллоевич аты-жөнүн Муртазозода Жамшед Саидали, Ражабзода Равшан Мухитдин жана Холикзода Хоким Хикматулло деп өзгөртүшкөн.
"Тажикстанда бир нече жылдан бери аттарын улуттук ысымдарга үндөштүрүп өзгөртүү процесси жүрүп жатат. Буга чейин бир топ аткаминерлер жана мамлекеттик кызматкерлер советтик аттардан жана фамилиялардан баш тартышып, ысымдарын өзгөртүшкөн", - деп айтылат маалыматта.