Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев бүгүн, 3-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында "Мегакомду" сатуудан баш тартууну сунуш кылды. Анын айтымында, аталган компания мамлекеттин карамагындагы кирешелүү мекемелердин катарында турат.
"Мегаком" кирешелүү мекеме, азыр жакшы иштеп жатат. Келечегин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагынан көрөбүз", - деди Түлебердиев.
"Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Андан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу аракеттери ишке ашкан эмес. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан, өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган.
Ренат Түлебердиев буга чейин парламент жыйынында айткан сөзүндө "Мегаком" боюнча 2-мартта баалоо мөөнөтү бүткөнүн, аны сатып алууга 4 компания кызыкдар болуп жатканын билдирген.