Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна бир жылга жетейин деп калды. Бул убакыт ичинде анын дарегине, ишмердүүлүгүнө сын айткан саясатчы же саясий күч байкала элек. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Учурда чыныгы оппозициялык саясатчылар кимдер? Парламентте оппозиция барбы?" деген собол салды.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүнкү түзүлгөн кырдаалга өзүнүн пикирин билдирип, ачык айтып жүргөн инсандардын баары чыныгы оппозиция экенин белгиледи.
“Оппозиция тек гана саясатта болбойт. Азыркы көрүнүштөргө өзүнүн терс көз караштарын жазып жүргөн акындар, сын көз караш менен макала жазып жүргөн журналисттер - оппозиция. Жалгыз эле саясатчы оппозиция болбойт. Саясий партиялардын ичинен бүгүнкү күндө өзүнүн пикирин ачык билдирип, көз карандысыз ойлорун айтып жүргөн биздин “Бүтүн Кыргызстандан” башка бир дагы партия калган жок.
Парламентте оппозиция болбогондун кесепетинен ушундай окуялар болуп жатат. Эмне гана маселе каралбасын, жогорку жактан ким кандай сунуштарды киргизбесин, баары бир атанын жана бир эненин балдарындай. Парламентте кайчы пикирлер дээрлик айтылбайт. Оппозиция болуш үчүн тоодой жүрөк керек. Бүгүнкү күндө андай саясатчыларды парламенттен көргөн жомун”, - дейт Мадумаров.
Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Жылдызкан Жолдошева, Асия Сасыкбаева, Мээрбек Мискенбаев, укук коргоочу Рита Карасартова, журналист Шайырбек Абдрахмандын пикири төмөнкү шилтемеде.