Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева: “Учурда өлкөдө оппозиция жок”

Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна бир жылга жетейин деп калды. Бул убакыт ичинде анын дарегине, ишмердүүлүгүнө сын айткан саясатчы же саясий күч байкала элек. SUPER.KG порталынын "Учурда чыныгы оппозициялык саясатчылар кимдер? Парламентте оппозиция барбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева жооп берип жатып, оппозиция - демократиялык өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги түртө турган күчү экенин айтты.

“Тилекке каршы, азыркы учурда биздин өлкөдө оппозиция жок. Оппозициялык маанайдагы инсандар бар. Ал эми парламенттеги оппозициялык фракциялар өздөрүнүн милдеттерин так аткара албай жатышат. Демократиялык өлкөдө сөзсүз түрдө оппозиция болушу зарыл. Анткени оппозиция бар жерде өнүгүү болот жана бийлик көп ийгиликтерге жетет. Себеби оппозиция тарабынан бийликке канчалык негиздүү сын-пикирлер айтылса, бийлик кетирген кемчиликтерин, каталарын көрүп, угуп өз убагында оңдоп турмак”, - деди экс-депутат.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Асия Сасыкбаева, Мээрбек Мискенбаев, укук коргоочу Рита Карасартова, журналист Шайырбек Абдрахмандын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан