Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна бир жылга жетейин деп калды. Бул убакыт ичинде анын дарегине, ишмердүүлүгүнө сын айткан саясатчы же саясий күч байкала элек. SUPER.KG порталынын "Учурда чыныгы оппозициялык саясатчылар кимдер? Парламентте оппозиция барбы?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.
Ал партиялык систем болгондуктан парламентаризм тез арада өнүгүп кетпейт деген пикирде.
“Шаардык кеңештерде дагы партиялык систем болгондон кийин кээ бир учурларда күлкүлүү нерселерди көрөсүң. Жогорку Кеңеште бири-бири менен оппонент болуп жүргөн фракциялар шаардык кеңештерде коалиция түзүп алган болушат. Оппозиция өнүгүшү үчүн убакыт керек. Бүгүнкү күндө оппозиция деп аталган фракциялар дайыма эле бийликтин көз карашына башкача көз караштарын көрсөтө албайт.
Оппозициялык маанайдагы саясатчылар бар. Бийлик жактан мыйзам бузулуп калганда элге пикирин таратып турган саясатчылар бар. Мисалы, Равшан Жээнбековдой саясатчылардын адамдарды сындабай, алардын басып жаткан жолун сындаганы жагат”, - дейт Карасартова.
Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Жылдызкан Жолдошева, Мээрбек Мискенбаев, журналист Шайырбек Абдрахмандын пикири төмөнкү шилтемеде.