Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна бир жылга жетейин деп калды. Бул убакыт ичинде анын дарегине, ишмердүүлүгүнө сын айткан саясатчы же саясий күч байкала элек. SUPER.KG порталынын "Учурда чыныгы оппозициялык саясатчылар кимдер? Парламентте оппозиция барбы?" деген соболуна журналист Шайырбек Абдрахман жооп берди.
Ал учурдагы оппозиция деп “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттарын жана эркин депутат Жанар Акаевди айта ала турганын билдирди.
“Алар оппозициялык пикирлерин айтып келет. Оппозиция десе эле элдешкис душмандар деп түшүнүп жатпайбызбы. Негизи оппозиция деген сөз “талкууда каршы пикир айтуу” деген түшүнүктөн келип чыккан. Мурда биз оппозиция десе, элдешкис душмандарды түшүнүп келгенбиз. Азыркы учурда өнүгүүгө жетип бара жатабызбы же мезгилдин талабыбы, бийликтин жасап жаткан айрым кадамдарын туурасын "туура" деп, туура эмесин "туура эмес" деп айткандарды оппозициялык пикирдеги адамдар деп айтса болот.
Мисалы, өзүнүн пикири бар депутаттар Жанар Акаев, Алмамбет Шыкмаматов оппозициялык пикирдеги депутаттар эмеспи? Оппозиция болуу үчүн сөзсүз душман болуп, куугунтукталып бири-бирин кубалаш керекпи? Мындай түшүнүктөрдү башкача өңүттө дагы кароо зарыл”, - деди Абдрахман.
Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Жылдызкан Жолдошева, Мээрбек Мискенбаев, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.