Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын жыйыны башталды (сүрөт)

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйыны башталды.

Ага Европа, Азия жана Түндүк Американын 47 мамлекетинен 160 депутат жана 300дөн ашуун конок катышууда.

Жыйындын ачылышында кыргыз элинин тарыхый-маданий турмушун чагылдырган кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү.

Андан соң Ассамблеянын төрагасы Георгий Церетели иш-чараны ачып, уюмдун башкы максаты болгон коопсуздук маселелери менен күрөшүүдө уюмга мүчө өлкөлөрдү тыгыз байланышууга чакырды.

Кийин сөз президент Сооронбай Жээнбековго берилди. Ал дүйнөдөгү эң ири эл аралык парламенттик форумду кабыл алуу парламенттик демократия жолун тандаган Кыргыз өлкөсү үчүн ардактуу миссия экенин айтты.

"Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин парламентчилеринин өкүлчүлүктүү конференциясы биздин жергебизде алгачкы жолу өтүп жатат.

Биринчиден, ушундай масштабдуу эл аралык форумду Кыргыз жергесинде ɵткɵрүү биздин ɵлкɵдɵ парламентаризмдин бекемделишине өбөлгө болот.

Экинчиден, уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттик делегациялары биздин ɵлкɵ менен таанышып, демократиянын өнүгүү деңгээлин өз көздөрү менен кɵрө алышат.

Анан, албетте, Кыргыз Республикасынын кеңири коомчулугун ЕККУнун ишмердиги менен жакындан тааныштырууга эӊ сонун мүмкүнчүлүк болот деп ишенем", - деди Жээнбеков.

Мындан тышкары президент күн тартибинде уюмдун ичиндеги ишеним кризиси актуалдуу боюнча калып жатканына токтолду.

"Кыргыз өлкөсү ачык жана чынчыл диалог ЕККУнун алкагында өз ара тыгыз аракеттенишүү үчүн өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимди калыбына келтирүүгө өбөлгө болот деп ишенет.

ЕККУнун коопсуздукка карата мамилесинин ар тараптуулугу парламенттик диалог үчүн идеалдуу негиз болуп саналат. ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын күзгү сессиясы биздин өлкөлɵрдүн коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн регионалдык, улуттук жана эл аралык деңгээлде ар кандай маселелерге көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет", - деди өлкө башчы.

ЕККУнун жыйыны 5-октябрга чейин уланат. Эки күн ичинде жыйындын негизги темасы болгон коопсуздук маселелери, өлкөлөр аралык ишенимди бекемдөө маселери каралат. Мындан сырткары Борбор Азия жана Жер ортолук деңизиндеги геосаясат: миграция, соода жана айлана-чөйрө маселелерин чечүү боюнча эки сессиялык отурум болот. Андан тышкары иш-чаралардын акыркы күнү келген меймандар кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсүнө катышат.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму 1973-жылы 3-июлда Хельсинкиде ачылган. Ага дүйнөнүн 57 өлкөсү мүчө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан