"Дүйнөдөгү бир дагы мамлекет коопсуздукка байланыштуу көйгөйлөргө өзүнүн күчү менен натыйжалуу түрдө каршы аракеттенип күрөш жүргүзө албайт”, - деп Жогорку Кеңештин төрөгасы Дастан Жумабеков айтты. Мындай пикирин ал бүгүн, 3-октябрда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйынынын ачылышында билдирди.
Жумабеков аталган уюмдун Парламенттик ассамблеясынын Бишкек шаарында өтүп жаткан 17-жыйынынын башталышы менен куттуктап, уюмдун негизги жасай турган иштерине токтолуп өттү.
“ЕККУ айдыңында жайгашкан мамлекеттер өлчөмү боюнча да, калкынын саны боюнча да, ошондой эле өнүгүү деңгээли боюнча да айырмаланып турат, бирок баары бир алар бирдей деңгээлде коопсуздукка муктаж. Ошону менен бирге ЕККУ аймактык же дүйнөлүк мүнөздөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн жетиштүү ресурстарга жана кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ", - деди Жумабеков.
"Биз, Парламенттик ассамблеянын мүчөсү болгон парламентчилер, мурдагы бардык түшүнбөөчүлүктү жана пикир келишпестикти четке кагып, коопсуздуктун бардык чөйрөсүндө эл аралык укуктун нормаларынын бир калыпта иштөөсүн жолго коюу үчүн улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү жана шайкеш келтирүүгө колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү топтоштуруубуз зарыл.
Ушул күзгү жыйындын жүрүшүндө бардык катышуучулардын ортосунда бири-бирин терең түшүнүү жана конструктивдүү диалог түзүлөрүнө бекем ишенем", - деди Жогорку Кеңештин төрагасы.
ЕККУнун жыйыны 5-октябрга чейин уланат. Эки күн ичинде жыйындын негизги темасы болгон коопсуздук маселелери, өлкөлөр аралык ишенимди бекемдөө маселери каралат. Мындан сырткары Борбор Азия жана Жер ортолук деңизиндеги геосаясат: миграция, соода жана айлана-чөйрө маселелерин чечүү боюнча эки сессиялык отурум болот. Андан тышкары иш-чаралардын акыркы күнү келген меймандар кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсүндө катышат.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму 1973-жылы 3-июлда Хельсинкиде ачылган. Ага дүйнөнүн 57 өлкөсү мүчө катары кирген.