Георгий Церетели: "Дүйнөдө кыйынчылыктар жана кооптуу маселелер кыскарган жок"

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү жыйыны башталды.

Жыйынды аталган уюмдун төрагасы Георгий Церетели ачып, күзгү жыйынды өткөрүүнү уюштуруп жаткан Кыргыз өлкөсүнө ыраазычылыгын билдирди.

"Биз биринчи жолу Кыргыз өлкөсүнө келип жатабыз. Эми ушул өлкө тууралуу көптү билүүгө кызыгабыз. Буга чейин да бир нече адамдар менен жолугуп, тийиштүү маселелерди талкуулап келгенбиз. Бир нече жолу шайлоолорго байкоо салганбыз.

Кыргыз өлкөсү реформаларды алдыга жылдырууга аракет жасап жатканы үчүн ыраазычылык билдиребиз. ЕККУ менен биргелешип иштөөңүздөргө жана аймактардагы кыйынчылыктар менен күрөшүү боюнча кызматташууга даярбыз. Учурда дүйнөдө кыйынчылыктар жана кооптуу маселелер кыскарган жок. Демократиялык системге коркунуч жараткан көрүнүштөр көбөйүп баратат. Ошон үчүн аталган коркунучтарды жоюу максатында ЕККУга мүчө өлкөлөр ортосунда байланышты күчөтүү керек”, - деди уюмдун төрагасы.

ЕККУнун жыйыны 5-октябрга чейин уланат. Эки күн ичинде жыйындын негизги темасы болгон коопсуздук маселелери, өлкөлөр аралык ишенимди бекемдөө маселери каралат. Мындан сырткары Борбор Азия жана Жер ортолук деңизиндеги геосаясат: миграция, соода жана айлана-чөйрө маселелерин чечүү боюнча эки сессиялык отурум болот. Андан тышкары иш-чаралардын акыркы күнү келген меймандар кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсүндө катышат.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму 1973-жылы 3-июльда Хельсинкиде ачылган. Ага дүйнөнүн 57 өлкөсү мүчө катары кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан