Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңеште юстиция министри Марат Жаманкулов, өкмөттүк аппараттын жетекчиси Шамилбек Асымбеков, Ɵнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Эмил Осмонбетов ант берет. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Мындан тышкары жыйындын күн тартибинде 8 маселе коюлган.
"Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору талкууланат.
19-сентябрда Жогорку Кеңеште аталган өкмөттүн 3 өкүлүнүн талапкерлиги жактырылган.