КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев саламаттыкты сактоо тармагында болуп жаткан реформалар тууралуу элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Саламаттыкты сактоо тармагында бир топ реформалар болуп жатат. Бирок түшүнүксүз реформа жүрүүдө. Коомдук талкуу болбой, жабык режимде болууда. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев космосто жүрө бербей, элге кандай реформа болуп жатканын, кандай пайда боло турганын түшүндүрүшү керек. Бул маселе боюнча коомдук талкуу өткөрүүнү сунуштайм", - деди Бекешев.