Депутат Акылбек Жамангулов жогорку окуу жайлардагы каражаттардын кайда кеткенин иликтөө керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.
"Кыргыз улуттук университетинин 1 жылдык бюджети 1 миллиард сом экен, Кыргыз-Орус Славян университетинин бюджети 500 миллион сом, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бюджети 200 миллион сом, Ош мамлекеттик университетинин бюджети 1 миллиард сомго жакын. Ошол эле мезгилде Токмок шаарынын бир жылдык бюджети 148 миллион сом.
Ушундай чоң каражатты студенттерден чогултуп жаткан соң билим берүүнүн сапатын да жакшыртсак же мугалимдердин айлыгын көтөрүп, имараттарын оңдош керек. Бирок мындай көрүнүш айрым окуу жайлардан башка жерлерде көрүнбөйт. Карапайым эл акыркы малын сатып баласынын билим алуусуна шарт түзөт. Ошондуктан өкмөт окуу жайлардагы каражат кандай жумшалып жатканын иликтеп, коррупциялык көрүнүштөрдү ачыкка чыгарса жакшы болмок", - деди Жамангулов.