Мэрия: "Жолдорду оңдоо боюнча план 96 пайызга аткарылды"

Бишкекте жолдорду оңдоо боюнча коюлган план 96 пайызга аткарылды. Мындай маалыматты шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мэриянын маалыматына ылайык, ушул тапта дагы бир нече көчөлөрдөгү ондоо иштери аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турат. Алардын бири - Садырбаев көчөсүнүн түштүк магистралдан жогорку тарабын ачуу пландалууда.

"Бул көчөнүн үстүңкү бөлүгү оңдоодон өткөрүлдү. Тоголок Молдо көчөсүнүн айрым бөлүктөрүнө жол белгилери орнотулду. Жибек Жолу жана Саадаев көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгү кеңейтилип, тротуар салынып жана арыктар казылды. Учурда тротуарларды салуу иштери уланууда.

Мындан тышкары Токтоналиев көчөсүнүн оңдолуп жаткан бөлүктөрүндө да жумуш аяктап калды. "Бишкек шаарынданы унаа жолдорун калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында 7-апрель көчөсүндө да жумуштар жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле Үмөталиев, Дооронбек Садырбаев, Малдыбаев көчөсүндөгү оңдоо иштери аягына чыгып, жакынкы күндөрү калкка пайдаланууга ачылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
haydarkan
2018-10-04 18:14:01
Накти жепсинер
+1
Suzak12
2018-10-05 01:26:39
96 пайыз ондолсо Тоголок Молдодон башка кочолорго белги койулбайбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан