Президент Сооронбай Жээнбеков антын аткарбагандардын кандай күндө жүргөнүн эскертти. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештеги өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинен соң айтты.
"Коомчулукта аткаруу бийлигиндеги айрым адамдардын жүрүм-туруму, иш-аракети боюнча сындар айтылып, талкуу жүрүп жатат. Мындай нерселер болбошу керек, элдин ою бийликтин 3 бутагынын жүрүм-турумун көрүп калыптанат. Берген антты ыйык деп, берген антты кармагыла. Берген антын кармабагандар эмне болгонун, эмне болуп жатканын жакшы билесиңер, антты дайым эстеп жүргүлө", - деди Жээнбеков.
Бүгүн Жогорку Кеңеште юстиция министри Марат Жаманкулов, өкмөттүк аппараттын жетекчиси Шамилбек Асымбеков, Ɵнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Эмил Осмонбетов ант беришти.