Депутат күз мезгилинде табигый кырсыктардын алдын алуу керектигин билдирди

КСДП фракциясынан депутат Нодирбек Каримов күз мезгилинде табигый кырсыктардын алдын алуу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Жаз мезгилинде көп кырсыктар катталат. Табигый кырсыктардын алдын алуу маселелери кандай аткарылып жатат? Күз мезгилинде табигый кырсыктардын алдын алуу керек. Жаз келгенде эле ушул маселелерди көтөрүп калбай, дамбалардын курулушу боюнча иш пландарды азыр башташ керек. Өкмөт канча каражат кете турганын карап чыгуусу шарт. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине тапшырма берүү зарыл. Бул маселе боюнча өкмөт кандай иштер аткарылып жатканы тууралуу маалымат берүүсү абзел", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан