"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өкмөткө 7 облустун жетекчилери менен район акимдерин жоюуну сунуштады. Мындай пикирин ал бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Аймактарды өнүктүүрүү жылы" деп жарыяланганы менен жылыштар байкалган жок. Өкмөттүн 7 облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жана акимдерди жоюш керек. Булар мамлекетти артка тартып келе жатат. Алардын ар биринин чөнтөгүндө кайчысы бар, лента кыркканды жана чоңдорду тосконду билет. 44 аким менен 7 облус жетекчиси - булар жатып ичерлер. Аларга жалпы 1 жарым миңден ашык адам кызмат кылат. Бюджеттен каражат кетирип эле, эл үчүн зыян келтирет. Булар маселе да чече албайт, себеби аларда маселе чечүү укугу да жок. Ошондуктан 7 облус менен 44 райондун акимин жумуштан айдаш керек. Өкмөт башчы айыл өкмөттөр менен түз иштесин, жатып ичерлерди эмне кылабыз?" - деди Сулайманов.