Депутат Тынчтык Шайназаров жергиликтүү чиновниктер өкмөттүн өкүлдөрүн жип унааларды ижарага алып тосуп жатышкандарын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өкмөттөн Ош шаарына барган чоңдордун талабы менен жергиликтүү чиновниктер аларды жип унаалары менен тосуп алат. Жөнөкөй унаалар менен тосуп алууга болбойт экен. Жергиликтүү чиновниктер жиптерди ижарага алып, министрлерди жана алардын орун басарларын кымбат ресторандарга алып барат. Бардыгынын мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, айрымдар өкмөт өкүлдөрүн карызга тамактандырып, айлыгы менен кутулушат. Мындай көрүнүштөргө бөгөт коюлушу керек", - деди депутат.
Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин 6 фракциясында жогорку кызматтарга иштей турган татыктуу кадрлар бар экенин белгиледи.
"Премьер-министрге сунуш айтат элем: Жогорку Кеңеште 120 депутат бар. 6 фракциянын ичинде татыктуу, күчтүү кадрлар бар. Эмнеге аларды чоң кызматтарга тартпайсыңар? Биринчиден, алар уурдабайт эле, анткени өздөрү өмүр бою бизнесте жүргөн адамдар", - дейт Шайназаров.