ЭЛДИК ВИДЕО: "Бишкекте бир адамды экөөлөп темир буюм менен сабап жаткандар видеого түшүп калган"

Бишкекте 2 эркек киши бир жигитти экөөлөп сабашты. Бул окуянын видеосу инстаграмдагы баракчалардын бирине жүктөлгөн.

Анда жазылган билдирүүгө ылайык, окуя шаардагы Исакеев көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринин жанында болгон. Жабырлануучу дүкөндөргө товар ташып иштейт. Ага биринчи күнү видеодо ур-токмокко алгандар тийишишкени, бирок ал буга маани бербегени жазылат билдирүүдө.

Видеодон көргөндөй, күтүлбөгөн жерден жигитке 2 адам кол салып, аны ур-токмокко ала башташкан. Бирок ал каршылык көрсөтө баштаганда сабаган адамдын бири унаасынан бир буюмду алып келип сабай баштаган.

Видеодогу билдирүүдө ал буюм темир экени жазылган.

"Сабаган адамдар андан кийин из жашырып кетишкен. Биз Октябрь райондук ИИБине арыз жаздык. Милиция сабагандардын бирин эле кармады. Биз калгандары ишти милиция менен өз ара "бүтүрүп алышкан" деп шектенип жатабыз", - деп жазылат билдирүүдө.

Эки адамдын бир кишини сабап жатканы видеого түшүп калган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bolunbo.kyrgyz
2018-10-04 11:59:37
Ана мавлян ХХХХХХХХХ алар визасыз кирип кетпей койушат ХХХХХХХХ
+2
admin_superstan
2018-10-04 12:37:17
Bolunbo.kyrgyz, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
-2
Matahara1980
2018-10-04 16:37:29
ХХХХХХХХ соз жок башка
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан