Депутат Акылбек Жамангулов Башкы прокуратуранын мурунку имаратынын ордун сейил бак кылууга каршы чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда парламенттин отурумунда айтып чыкты.
"Мэрия Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна сейил бак кылабыз деп расмий билдирүү берди. 42 сотых жер Бишкектин борборунда жок. Ал жерди парк кылып, Орозбеков көчөсүн сквер кылабыз деп жатат. Парк болгондон кийин ал жердеги имараттардын баасы 5-10 эсе көтөрүлөт. Андагы 1 сотых жер миңдеген доллар турат. Ошондуктан өкмөт бул маселенин алдын алып, 42 сотых жерге заман талабына ылайык унаа токтотуучу жай курсак, унаа тыгындары азаймак. Сейил бак кылабыз деп жаткан долбоорго тыюу салуу керек", - деди Жамангулов.
Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна эс алуучу жай курула тургандыгын маалымдаган.