Президент жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн элдик курултай өткөрүлөт

Ушул жылдын ноябрь айында экс-президент Алмазбек Атамбаев, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн элдик курултай өткөрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 4-октябрда курултайды уюштуруучу Туруктуу элдик кеңештин өкүлү Айбек Мырза билдирди. Анын айтымында, курултайга бардык саясий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Бирок курултайдын кайсы күнү өтө турганы так белгилене элек.

"Эки күн мурун Бишкекте Туруктуу элдик кеңештин өкүлдөрү чогулуп коомдук-саясий абалды талкуулап, бийлик жетекчилери алмашканы менен башкаруу түзүлүшү, идеологиялык багыты өзгөрүүсүз калып жатканы, коомчулукта кайрадан нааразычылыктарды жаратып жатканы айтылды. Ошондуктан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берүү үчүн ноябрь айында элдик курултай өткөрүү чечимине келишти. Ага саясий жана коомдук уюмдардын өкүлдѳрү катышат", - деди Айбек Мырза.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekmirzach
2018-10-04 13:17:39
Айбек Мырза дегендин кылаар иши жопу курультай митинг акцияларды өткөрүп эле жүрөт.кызык жери эл анынын курултайына же митингине эл чогулбайт.Бирок апендиче эле откөргөнүн койбойт.
0
Almaz_kg
2018-10-04 13:31:40
чогулгандын баарын камасын грязныйлар чогулатта Аша баш болуп. элге тынчтык керек. улул темпте паракорчулар тазалана берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан