Бишкек шаардык мэриясы газ менен жүргөн алтымышка жакын автобус сатып алат

Бишкек шаардык мэриясы ушул жылдын аягына чейин газ менен жүргөн 50-60 чакты автобусту сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда шаар башчысы Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алманбетова SUPER.KG'ге кабарлады.

Алманбетованын маалыматына ылайык, шаардык мамлекеттик автопаркты жаңылоого 382 миллион 500 миң сом бөлүнгөн. Жакынкы күндөрдө автобустарды сатып алууга тендер жарыяланат.

"Ар бир автобустун болжолдуу баасы 110-140 миң доллардан. Азыркы тапта Бишкек шаары боюнча 11 троллейбустук каттам бар. Шаардагы жалпы 131 троллейбустун 110у күн сайын калкты ташуу кызматында. Мындан тышкары 2 миң 300 маршруттук такси жана 120 автобус калкты ташыйт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан