Ысык-Көл районунун жашоочусу Сезим Жунушова уулунун кулактарына имплант койдуруу үчүн Түркияга барган. Дарыгерлердин "кайра мекениңерге кете бергиле" дегенин уккан эне жардам сурап президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды.
"Биз ушул жылдын 28-июлунда Туркия мамлекетинин Анкара шаарына мамлекеттик квота менен 3 жарым жашар улуубуздун кулактарына имплант койдуруу максатында келгенбиз. Бирок ушул убакка чейин эч кандай жыйынтык чыккан жок. Доллар кымбаттап кеткенине байланыштуу имплант кымбаттап, 2 ай 5 күн дегенде гана "кете бергиле" деген жоопту беришти. Эки өлкөнүн келишиминде "операция жасалбай кайра келесиңер" деген нерсе жок да. Түрк тарап келишимди бузуп жатат", - деди ал.
Ошондой эле уулун дарылоо үчүн элден жардам сурап, кайрымдуулук концертин өткөрүшкөнүн айтып шартын түшүндүрдү.
"Биз өзүбүз жаш үй-бүлөбүз, азыр кетип, кайра келгенге эч кандай шартыбыз жок. Түркиядагы Кыргыз элчилиги да жардам бере алган жок. Биздин ары-бери келип-кеткен чыгымыбыз асманга эле учуп кетип жатпайбы? Ушул жактан уулубуз угуп, анан кетебиз деген чоң үмүт менен келгенбиз. Бирок ал үмүтүбүз акталбай турат. Жыйынтык жок эле үйгө кайткыбыз келбейт. Бизди коргоп, колдогон эч ким жок болуп турат. Анкара шаарында биз жалгыз эле эмеспиз. Жаныбызда дагы 2 бала бар. Башка клиникада 3-4 Кыргыз жарандары. Баарыбыздын көйгөйлөрүбүз окшош. Виза маселеси турат, мөөнөтү 20 күндөн кийин бүтөт. Акыбалыбыз оор бойдон калууда.
Президентибизге жана депутаттарыбызга бизди бул кырдаалдан чыгарат деген акыркы үмүт менен кайрылып олтурам", - дейт Жунушова.