Нарын районунун Миң-Булак айылынан жылаңаяк үйүнөн чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Нарын РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 36 жаштагы Гулина Абылова аттуу келин 24-сентябрь күнү саат 23:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайнсыз болуп жаткан. Анын жансыз денесин 3-октябрь күнү жергиликтүү тургун мал кайтарып жүрүп Нарын дарыясынын жээгинен таап алган.
Окуя болгон жерге ӨКМнын жана милициянын кызматкерлери барып, Абылованын денесин өлүк сактоочу жайга алып кетишкен. Ал жакта соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Алдын ала берилген маалыматка таянсак, маркумдун денесинде кыйноо белгилери жана адам тарабынан келтирилген зыяндын белгилери жок. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.