Мамэкотехинспекциянын мурдагы маалымат катчысы: "Мурунку жумушума кайтууга даярмын"

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы маалымат катчысы Анара Мамбеталиева жумушунан мыйзамсыз алынганы тууралуу мекемелер аралык комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгында жарыяланган.

Анара Мамбеталиева SUPER.KG порталына билдиргендей, ал мурунку жумушуна кайтууга даяр.

"Мен көтөрүп чыккан маселелерди мекемелер аралык комиссия изилдеп чыгып, Экотехинспекциядагы бир топ мыйзам бузууларды аныкташыптыр. Мындан сырткары жетекчиликке менин мыйзамсыз жумуштан алынганымды белгилеп, кайра жумушка кайтаруу боюнча бир жума мурда эле сунуштама жиберишкен экен. Азырынча эч кандай жооп келе элек. Эгер мурдагы жумушума кайтуу сунушу келсе кайтып барып, бүтпөй калган иштеримди улантууга даярмын.

Мекемедеги коррупциялык иштерди айтып чыкканда эле коммиссия тиешелүү чара көрөрүнө ишеним бар болчу, азыр ал ишеним дагы жогорулады.

Жалпы коомчулукка айтарым, мыйзам бузууларды, коррупцияны жаап-жашырбай, биргеликте аларга каршы күрөшүүгө чакырат элем. Ошондо гана биз жеңишке жетишебиз", - деди Мамбеталиева.

Буга чейин Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Кийинчерээк "коррупцияга аралашкан" деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атаган.

Ал эми аталган мекеме басма сөз катчынын кызматтан бошотулганын мыйзамда тыюу салынганына карабай мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен байланыштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
altyn7776
2018-10-04 15:56:16
Анара молодец!
+5
Mikra
2018-10-04 16:02:28
Эже барыныз жумушунузга.Эгер сизди жу ушка алса мындан ары корупция азайат деп ишенебиз.Президентибиз озу айткан шайлоодо.биринчи корупциянерлерди жойом деп.эгер сиз жумуш ордунузга барып калсаныз анда Президентибиз убадаларын аткарып жатат деп билебиз.
+5
altyn7776
2018-10-04 16:05:47
Mikra,президент аткарып жатканы учун акыйкат чечим чыкты.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан