Бүгүн, 4-октябрда парламент жыйынында депутат Алиярбек Абжалиев Кыргыз мамлекети сырткы карызы үчүн жыл сайын канча туум төлөй турганын сурады.
Каржы министри Адылбек Касымалиев өлкөнүн бүгүнкү карызы 3 миллиард 797 миллион доллар экенин жана ал үчүн жыл сайын 13 миллиард сомдун тегерегинде туум төлөй турганын айтты.
“Биз карыздарды кечүү боюнча башка өлкөлөр менен сүйлөшүп жатабыз. Бүгүнкү күндө Орусия карызын толугу менен кечкен, Германиянын бир банкы да карызын кече турган болууда, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Калган насыя берүүчүлөр карызын кечпейт”, - деди Касымалиев.
Депутат Алиярбек Абжалиев жыл сайын 13 миллиард сомдун тегерегинде төлөө абага кетирип жатканга барабар экендигин, сырткы карызды азайтуу боюнча иштерди тездетүү керектигин айтты.