Жогорку Кеңеш быйыл 80 жылдык мааракесин белгилейт

2018-жылы Жогорку Кеңеш 80 жылдык мааракесин белгилейт. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда парламент жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров айтты.

Парламент “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун карап жатат.

Депутат Дастан Бекешев "той өткөрө берүүнү токтотсок, ансыз да бюджет чектелүү" деп айтып чыкты.

Мирлан Бакиров бюджеттен каражат каралбай турганын, той-тамаша болбой турганын, илимий конференциялар гана өтөрүн айтты. Депутат Каныбек Иманалиев парламенттин калыптанышына эмгеги сиңгендердин катарында Дооронбек Садырбаев, Өмүрбек Текебаевдей адамдардын эмгегин белгилеп коюу керек экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2018-10-04 16:50:58
бюджетке куч келет экен да, мааракелердин айынан да онукпой жатабыз
0
nurbek56
2018-10-04 16:54:07
кечке эле той аш бизди да чакыргыла коргондун куйуту жаман дейт
+1
asman.81
2018-10-04 20:39:06
120 жепжутат жыргайт экен да кундо майрам кундо той!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан