SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Көп кыздарды жакшы көрсө эмне кылыш керек?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Менин бир досум бар. Ал өзү 30га чыгып калса деле үйлөнбөй жүрөт. Себеби ага бардык кыздар эле жага берет. Башкача айтканда, бүгүн бирөө менен сүйлөшүп аны жактырып калат да, эртеси башка бирөөнү көрүп калса, аны да сүйүп калат. Мындай абалынан өзү дагы тажап жүрөт. Бир убакта 5-6, 20 кызды деле сүйө берет. Болгондо да чын жүрөгү менен сүйөт, алдабайт. Ал эми эмне кылышы керек?" деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Кызык экен. Мүмкүн жөн эле кыздардын көңүлүн калтыргысы келбейт. Же чыныгы сүйүүсүнө жолуга элек. Эмне деп кеңеш беришти да билбей калдым".
- "Негизи жигит болгондон кийин сулуу кыздарга көз салып жүргөн бул нормалдуу эле көрүнүш. Бирок анын баарын сүйө берсе, байкуш жүрөк түтпөйт го? Досуңа орден же медаль бериш керек, азамат экен. Эми бирөөнө үйлөнүп алсын, андан кийин деле башкаларын сүйүп жүрө берет да."
- "Элдер бирөөнү эле чын дилден сүйө албай жүрсө, досуң кыйын го 5-6 кызды бир учурда сүйүп... Азамат!"
- "Анча кызды бир убакыт ченеминде сүйсө байкуштун жүрөгү калбыр эле болуп калса керек".
- "Жоопкерчиликтен коркот. Чыныгы сүйүү келе элек экен. Ошол сүйгөндөрүнүн бири менен баш кошуп алса, никеден кийин ошону гана сүйүп калат".
- "Ал жигит жүрөгү менен эмес, көзү менен сүйөт окшойт.Таң калдым".
- "Көп кыздарды жакшы көрсө, демек, анын натурасы ошондой. "Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр" деген сөз бар".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.