Депутат Исхак Пирматов: “Кытайлык туристтерге визасыз режимди киргизүү таптакыр өлкө кызыкчылыгына туура келбейт”

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштады. Ал кытайлык туристтер дүйнө туризминин 30 пайызын түзө турганын айтып, бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу керектигин белгиледи.

"Кытай биздин жаныбызда турат. Орусия, Казакстан 15 жылдан бери топ-топ болуп саякаттоочу туристтер үчүн визасыз режим менен иштеп келе жатат. Анда 40-50 турист келет. Ал эми туристтик компания алардын чыгып кетишине жооп берет. Биз эмне үчүн ушунча потенциалды колдонбойбуз? Миграция кызматы, УКМКга суроо бергенде баары эле аларга бул жакта калып кала турган жарандай, кылмышкердей карайт экен", - деди ал. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Кытайдын туристтерине визасыз режим киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Колдоо керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов жооп берди.

Ал Кытайдын учурда Кыргыз ишкерлерине виза бербей жатканын эске салды.

“Бул демилгеге каршымын. Бул менин жеке жарандык позициям. Ансыз деле кытайлар жок бир да тармагыбыз калбады. Эми алардын туристтери өлкөнү каптап кетсе болбойт да. Кытайдан азыр бизге кыйраткан деле турист келбейт. Алар Европада, АКШда жүрүшөт.

Бизде кытайлык туристтерди кызыктырган нерсе жок. Тескерисинче, учурда биздин жарандарга Кытай виза бербей жатат. Бул Тышкы иштер министрлигинин кемчилиги деп ойлойм. Теракт болгондон кийин эле аталган министрлик так позициясын билдирип, Кытай тарап менен сүйлөшүүгө барышы керек болчу. Азыр да дипломатиялык мамиле кура албай жатышат. Айдоочулар, ишкерлер Кытайга кире албай кыйналып, бизге кайрылышууда. Кытайлык туристтерге визасыз режимди киргизүү таптакыр өлкө кызыкчылыгына туура келбейт. Өзүбүздүн жарандарга жумуш жок болуп жатканда кара жумушчу орундарын кытайлар каптап кетүүдө, - деди Пирматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Данияр Төлөнов, туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов,саясат таануучу жана чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаев, жарандык активист Канат Мидин уулу жана Конфуций институтунун мурдагы жетекчиси Үмүт Култаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан