Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев: “Кытай демократиялык өлкө болбогону үчүн кытайлык туристтерге визасыз тартип киргизүүгө болбойт”

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштады. Ал кытайлык туристтер дүйнө туризминин 30 пайызын түзө турганын айтып, бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу керектигин белгиледи.

"Кытай биздин жаныбызда турат. Орусия, Казакстан 15 жылдан бери топ-топ болуп саякаттоочу туристтер үчүн визасыз режим менен иштеп келе жатат. Анда 40-50 турист келет. Ал эми туристтик компания алардын чыгып кетишине жооп берет. Биз эмне үчүн ушунча потенциалды колдонбойбуз? Миграция кызматы, УКМКга суроо бергенде баары эле аларга бул жакта калып кала турган жарандай, кылмышкердей карайт экен", - деди ал.

SUPER.KG порталынын "Кытайдын туристтерине визасыз режим киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Колдоо керекпи?" деген соболуна саясат таануучу жана чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаев жооп берди. Качкынбаев Кытай туристтерине визасыз тартип киргизүү өлкөгө бир топ кыйынчылыктарды алып келиши мүмкүн экендигин айтты.

“Депутат айым кандай мааниде айтканын билбейм, ошон үчүн анын сөзүнө карата пикир айтпай турайын. Ал эми “Кытай туристтерине визасыз режим керекпи же кереги жокпу? Бул суроого мен мындай демекмин. Учурда Кыргыз өлкөсүнө визасыз кирүү үчүн 44 өлкөгө уруксат берилген. Алар дүйнөдөгү алдыңкы, өнүккөн, демократиялык өлкөлөр. Ал эми Кытай демократиялык өлкө деп эсептелбейт. Ошон үчүн бул өлкөдө адам укуктарына кепилдик берилип, саясий эркиндиги бар өлкө болмоюнча, аларга визасыз тартип киргизүүгө болбойт. Кытайдын калкы да аябай көп, ал жерде Япониядагыдай же АКШдагыдай орто катмар жок. Катардагы эле Кытай жараны келсе ал биз үчүн коркунуч туудурбайт деп айта албайсың.

Эгер Кытайдан көп жаран кирип келсе бизде көптөгөн кыйынчылыктар жаралат. Кытай бай өлкө жана демократиялык өлкө болуп, салыштырып айтканда, Кытайдын “алайкуулуктары” деле же “баткендиктери” деле орто эсеп менен жылына 30 миң доллар таап турса, анда, Кытай жарандары бизге эс алуу үчүн гана келет деп ойломокпуз. Тилекке каршы, азыр андай эмес. Эгер Бишкек-Пекин темир жолун куруу демилгеси көтөрүлсө анда аны артыкчылык катары карап, бул демилгени колдоо керек. Анда биз адам эмес товар ташыйбыз. Бирок муну Кытай жарандарына визасыз тартип киргизүү маселеси менен алмаштырбоо керек”, - деди Качкынбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов, Кожобек Рыспаев, Данияр Төлөнов, туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов, жарандык активист Канат Мидин уулу жана Конфуций институтунун мурдагы жетекчиси Үмүт Култаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан