Конфуций институтунун мурдагы жетекчиси Үмүт Култаева: “Кытай туристтерине визасыз тартип киргизсе болот. Алар мыйзамды сыйлаган эл”

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштады. Ал кытайлык туристтер дүйнө туризминин 30 пайызын түзө турганын айтып, бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу керектигин белгиледи.

"Кытай биздин жаныбызда турат. Орусия, Казакстан 15 жылдан бери топ-топ болуп саякаттоочу туристтер үчүн визасыз режим менен иштеп келе жатат. Анда 40-50 турист келет. Ал эми туристтик компания алардын чыгып кетишине жооп берет. Биз эмне үчүн ушунча потенциалды колдонбойбуз? Миграция кызматы, УКМКга суроо бергенде баары эле аларга бул жакта калып кала турган жарандай, кылмышкердей карайт экен", - деди ал.

SUPER.KG порталынын "Кытайдын туристтерине визасыз режим киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Колдоо керекпи?" деген соболуна Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун мурдагы жетекчиси Үмүт Култаева жооп берди. Ал Кытай туристтерине визасыз тартип киргизүү туура экендигин белгилеп, бирок алардын Кыргыз өлкөсүндө калуусуна жол бербөө керектигин айтты.

“Кытай туристтерине визасыз тартип киргизсе болот. Анткени биздин өлкөдө туристтер эс ала турган ажайып кооз жана коопсуз аймактар көп. Бирок визаны чектелүү жана кыска убакытка берүү керек. Жолдомосунун убактысы бүткөн соң аларды көзөмөлгө алып, алардын биздин өлкөнүн аймагында калып калышына жол бербөө зарыл. Бул боюнча тиешелүү органдар тыкыр иш алып барууга тийиш. Мүмкүн алар биздин көзөмөлдүн жоктугунан, шалаакылыгыбыздан пайдаланып кетиши да мүмкүн.

Алардын берген акчаларына алданбоо керек, мунун баары өзүбүзгө байланыштуу. Бизде буга окшогон көрүнүштөр көп болуп турат. Канчалаган чет өлкөлүктөргө Кыргыз паспортун берип, дүйнө элдерине уят болуп келебиз. Мен көптөгөн Кытай жарандары менен иштешип келем. Алар тартипке көнгөн, мамлекеттик машина деген эмне экендигин жакшы билген, мыйзамды сыйлаган эл. Бирок буга чейин Кытай жарандарынын Кыргыз өлкөсүнө келип эс алууга кызыккандыгына көп деле күбө болгон жокмун. Алардын укмуш кооз жерлери, курорттук жайлары өтө эле көп”, - деди Култаева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов, Кожобек Рыспаев, Данияр Төлөнов, туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов, саясат таануучу жана чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаев жана жарандык активист Канат Мидин уулунун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан