Активист Канат Мидин уулу: “Кытайлык туристтерди визасыз кабыл алууну баштасак, башка кытайлар да коррупциялык жолдор менен өлкөгө кирип кетиши мүмкүн”

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштады. Ал кытайлык туристтер дүйнө туризминин 30 пайызын түзө турганын айтып, бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу керектигин белгиледи. "Кытай биздин жаныбызда турат. Орусия, Казакстан 15 жылдан бери топ-топ болуп саякаттоочу туристтер үчүн визасыз режим менен иштеп келе жатат. Анда 40-50 турист келет. Ал эми туристтик компания алардын чыгып кетишине жооп берет. Биз эмне үчүн ушунча потенциалды колдонбойбуз? Миграция кызматы, УКМКга суроо бергенде баары эле аларга бул жакта калып кала турган жарандай, кылмышкердей карайт экен", - деди ал. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Кытайдын туристтерине визасыз режим киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Колдоо керекпи?" деген соболуна жарандык активист Канат Мидин уулу жооп берди.

Анын пикиринде, аталган демилге Кыргыз өлкөсүнө коркунуч туудурат.

“Кытай менен виза режимин жоюп салуу өтө кооптуу. Кирешени эле ойлой берсек утулуп калышыбыз мүмкүн. Баарын эле акчага такай берген туура эмес. Андан да улуттун келечеги, мамлекеттик кызыкчылык деген нерселер жогору турат. Бизде чоң коррупция бар. Эгер кытайлык туристтерди визасыз кабыл алууну баштасак, анда башка кытайлар да коррупциялык жолдор менен өлкөгө кирип кетиши мүмкүн. Кытайдагы уйгур, казак туугандарыбыздын абалы кандай болуп жатканын көрүүдөбүз. Албетте Кытай менен мамиле түзүшүбүз керек. Бирок Кытай менен визасыз тартипти киргизүү маселеси башка талкууланбашы шарт. Муну ойлонууга да болбойт. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ушул сыяктуу жөнөкөй нерселерди түшүнбөй жатканы өкүндүрөт”, - деди Мидин уулу.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов, Кожобек Рыспаев, Данияр Төлөнов, туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов,саясат таануучу жана чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаев жана Конфуций институтунун мурдагы жетекчиси Үмүт Култаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан