Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштады. Ал кытайлык туристтер дүйнө туризминин 30 пайызын түзө турганын айтып, бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу керектигин белгиледи.
"Кытай биздин жаныбызда турат. Орусия, Казакстан 15 жылдан бери топ-топ болуп саякаттоочу туристтер үчүн визасыз режим менен иштеп келе жатат. Анда 40-50 турист келет. Ал эми туристтик компания алардын чыгып кетишине жооп берет. Биз эмне үчүн ушунча потенциалды колдонбойбуз? Миграция кызматы, УКМКга суроо бергенде баары эле аларга бул жакта калып кала турган жарандай, кылмышкердей карайт экен", - деди ал.
SUPER.KG порталынын "Кытайдын туристтерине визасыз режим киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Колдоо керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жооп берди. Рыспаев Кытай жаранынын Кыргыз мамлекетине мыйзамсыз жашап алганына каршы экенин айтты.
“Кытайдын туристтери өлкөгө виза менен кирип-чыкса, баары мыйзам чегинде болсо коркунуч жок. Бизге Кытайдан виза ачылбай, бул жакка инвесторлор келбей, Кыргыз-Кытай соода алакасы дагы кечеңдеп баратат. Буга чейин Кыргыз жарандары Кытайга шарты менен барып иштешчү. Азыр Кытай визаны кошуп койгон. Кытай жаранынын Кыргыз мамлекетине келип мыйзамсыз жашап алганын, биздин жаран болуп алганын колдобойм. Виза менен кирип, кайра чыгып бизге акчасын калтырганын колдойм”, - дейт Рыспаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов, Данияр Төлөнов, туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов, саясат таануучу жана чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаев, жарандык активист Канат Мидин уулу жана Конфуций институтунун мурдагы жетекчиси Үмүт Култаеванын пикири бул шилтемеде.