Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштады. Ал кытайлык туристтер дүйнө туризминин 30 пайызын түзө турганын айтып, бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу керектигин белгиледи.
"Кытай биздин жаныбызда турат. Орусия, Казакстан 15 жылдан бери топ-топ болуп саякаттоочу туристтер үчүн визасыз режим менен иштеп келе жатат. Анда 40-50 турист келет. Ал эми туристтик компания алардын чыгып кетишине жооп берет. Биз эмне үчүн ушунча потенциалды колдонбойбуз? Миграция кызматы, УКМКга суроо бергенде баары эле аларга бул жакта калып кала турган жарандай, кылмышкердей карайт экен", - деди ал. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Кытайдын туристтерине визасыз режим киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Колдоо керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов жооп берди.
Ал мамлекеттин коопсуздугуна көңүл буруу зарылчылыгын белгиледи.
“Кытайдын жарандарын визасыз өлкөлөрдүн катарына киргизүү туура эмес. Бүгүнкү күндө белгилүү болуп жаткандай, Кытайдан Кыргыз жарандарына виза алуу аябай татаал шарттар түзүлүп, кыйынчылыктар болуп жатат. Ошолорду карап туруп аларга биз визасыз режим киргизебиз деген туура эмес.
Кытайдын туристтерине визасыз режим киргизсек, мамлекеттик коопсуздук каякта калат? Мамлекеттик коопсуздукту дагы караш керек да. Туризмди өнүктүрөбүз деп Кытайдан визаны алып коюуга болбойт. Жүз миңдеген кытай келип, өлкөгө отурукташып албайт деп эч ким кепилдик бербейт. Ошон үчүн менин оюмча, визасыз режим киргизилбеши керек”, - деди Төлөнов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов, Кожобек Рыспаев, туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов,саясат таануучу жана чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаев, жарандык активист Канат Мидин уулу жана Конфуций институтунун мурдагы жетекчиси Үмүт Култаеванын пикири бул шилтемеде.