Кечээ, 4-октябрда Жогорку Кеңеште Сауд Аравиянын Кыргыз мамлекетине медициналык жабдууларга, эт экспорттоого каражат бөлүүсүнө багытталган макулдашуу биринчи окууда колдоо тапты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду социалдык-инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз мамлекетине 3 миллион 797 миң доллар өлчөмдөгү гранттарды бөлөт.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы Калысбек Жумакановдун айтымында, Кыргыз мамлекетинин аймагына заманбап соода-логистикалык борборун куруу башка айыл чарба продукцияларын экспорттоого мүмкүндүк берет. Ал билдиргендей, борбор куруу үчүн Чүй облусунун аймагынан 5 гектар жер бөлүнүп берилүүгө тийиш.