Ош шаарында мындан ары муниципалдык унаа токтотуучу жайларда унаа ээлеринен акы алынбайт. Мындай буйрукка Ош шаарынын башчысы Таалайбек Сарыбашов кол койгонун шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин Ош шаарындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайларда 1 унаа токтотулгандыгы үчүн 10 сомдон алынчу. Бул көрүнүш көптөгөн шаар тургундарын нааразы кылып келген.
"Мэр Ош шаарында акы төлөнүүчү муниципалдык автоунаа токтотуучу жайларда унаа ээлеринен акча алууну жоюу жөнүндө буйрукка кол койду. Мындан ары муниципалдык унаа токтотуучу жайлардан мыйзамсыз жыйым топтогон жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Шаар боюнча муниципалдык 26 автоунаа токтотуучу жай бар", - дейт мэриянын маалымат катчысы.