Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарынын айрым райондорунда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, борбордогу көп кабаттуу үйлөрдүн электр чубалгыларын оңдоо жана жаңылоо иштери жүрөт.
Электр жарыгы төмөнкү көчөлөрдө өчүрүлөт. Элебаев, Горький көчөлөрүндө, Фрунзе көчөсүндөгү №423-үй, "Киргизия-1" конушунда, Токтогул, Тыныстанов, Орозбеков, Самойленко, Фрунзе, Рыскулов, Ала-Арча көчөлөрү менен Жаш Гвардия бульварында, Чыгыш-5 кичи районундагы №21, 22, 24-28-үйлөрдө саат 9:30дан саат 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Элебесов, Ибраимов көчөлөрү менен Равенский жана Станиславский туюк көчөлөрүндө саат 10:00дөн саат 17:00гө чейин, 12-кичи райондогу №2-6, 12, 13-үйлөрүндө жана Каралаев көчөсүндө саат 11:00дөн саат 17:00гө чейин, "Арча-Бешик", "Орок" жаңы конуштарында саат 13:30дан 17:00гө чейин жарык убактылуу өчөт.