Бүгүн, 5-октябрда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин төрагасы Бактыбек Абдиев "Кыргызстан" фракциясынын жыйынына келген жок. Депутаттар анын жыйынга келбегенине нааразы болушту.
Өкмөт өкүлү аталган агенттиктин төрагасы Женевага расмий сапары менен кеткен деп түшүндүрсө, депутат Тынчтыкбек Конушбаев ал Москвада жүргөнү жөнүндө маалыматы бар экенин айтты.
Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясы аталган агенттиктин 2015-2018-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты угуп жатат.