Архитектура агенттигине 3 жыл аралыгында УКМК 28, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 16 кылмыш ишин козгогон

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 3 жыл аралыгында УКМК 28, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 16 кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында аталган мекеменин өкүлдөрү билдирди.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таиров билдиргендей, 2015-2018-жылдар аралыгында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү боюнча 16 кылмыш ишин козголгон. Алардын ичинен 6 иш сотко өткөрүлүп берилген.

Ал эми УКМКнын өкүлү Нурбек Кожоновдун айтымында, УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан аталган агенттикке акыркы 3 жыл ичинде 28 кылмыш иши козголгон. Кылмыш иштери "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "шалаакылык" беренелеринин негизинде козголгон.

"Кыргызстан" фракциясы аталган агенттиктин 2015-2018-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты угуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан