Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты: "Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында жазып кеткендерин ишке ашыруу керек"
Орусия менен Кыргыздын илимий-чыгармачыл адамдарынын ортосунда маданий-экологиялык долбоор иштелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Ысык-Көл форумунда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Иван Белеков айтты.
"Долбоордун максаты жаратылыш потенциалын гана эмес, эки мамлекеттин элинин руханий байлыктарын да сактап калуу болуп саналат. Мындай нерселердин баарын Айтматов айтып кеткен. Анын чыгармаларында жаратылышка арналган көптөгөн маанилүү маалыматтар айтылган, чыгармаларынан маалымат алып гана тим болбостон, жазып кеткендерин ишке ашыруу зарыл. Айтматов - келечек муун сыймыктануу менен эстей турган инсан", - деди Белеков.